Кыргыз курама командасы 2:3 эсебинде БАЭге жеңилип, Азия Кубогунан четтеп калды





22-январга караган түнү Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун жарым чейрек беттештери уланды. Анда Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамы менен кездешти.
Беттеш "Зайед спорт сити" стадионунда өтүп, БАЭнин жеңиши менен аяктады.
Беттештин жүрүшүндө БАЭ курама командасынын оюнчулары 14-мүнөттө эсеп санын ачты. Буга Кыргыз курамасы 26-мүнөттө Мирлан Мурзаевдин голу менен жооп бергенге үлгүрдү. 2-таймда БАЭ курама командасы кайрадан алдыга чыгып кетсе, 2-таймдын акыркы мүнөттөрүндө Турсунали Рустамов гол киргизип, эсепти 2:2 кылды. Мындан кийин командалар дагы 2 кошумча тайм ойномой болушту. 1-кошумча таймдын аягында Бекжан Сагынбаев айып аянтчанын ичинен оюн эрежесин бузуп, БАЭ курамасы пенальти тепти. Аны БАЭнин оюнчусу ийгиликтүү аткарып, эсепти 2:3 кылып койду.
Муну менен БАЭ курамасы мелдештин чейрек финалына чыкса, Кыргыз курама командасы мелдештен четтеди.
Кыргыз-БАЭ беттешинин хронологиясын бул жактан окуй аласыздар.
кошулду

Ала жүр деген макала ушуларга карата айтылганда.кытайлар бизди
Акырындап тымызын жок кылгысы келет.ошол учун кыргыздар биримдиктуу бололу.Кытайлар иттен да төмөн эл болот,кее бир ит жебеген нерселерди жешет.
Кыргызстан жеңди.
Сатылган судя жеңишти берип жиберди. Азаматсыңар Ак-Шумкарлар. Сатылган судяга өлүм.
Калыс ачык-айкын эле атаандаштарга тартып туруп алды.100% сатып алышыптыр. Ошого туруштук берип мыкты оюн көрсөткөн биздин жигиттерге абдан ыраазыбыз!
Мен үчүн жеңилбегендей эле болтат дале