ГОЛ! Кыргыз курамасы БАЭнин дарбазасына гол киргизип, эсеп 2:2 болду




Го-о-о-о-л!!! Кыргыз-БАЭ беттешинин акыркы мүнөттөрүндө эсеп теңелди. Эсеп 2:2
Бириккен Араб Эмираттарында Азия Кубогунун жарым чейрек финалындагы оюндар уланууда. Азыркы тапта Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы менен БАЭ курамасы беттешип жатат.
Биринчи голду 14-мүнөттө БАЭнин футболчусу Хамис Эсмаил киргизип, эсепти 1:0 кылды. Андан соң 26-мүнөттө Мирлан Мурзаев атаандашынын дарбазасына гол киргизип эсепти теңей алды. Экинчи тайм БАЭ курамасы топко ээлик кылып, 64-мүнөттө футболчу Али Мабхут киргизген гол менен эсеп 1:2 болду. 78-мүнөттө Хамис Эсмаилдин голунда калыс офсайдды байкап калды.
90-мүнөттө Турсунали Рустамов гол киргизип эсепти теңеди.
Кыргыз-БАЭ беттеши. Эсеп 2:2
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Куттуктайм Кыргыз элим 90чу муноттогу голунда аябай толкунданып кеттим