Бүгүн Жогорку Кеңештин комитети авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу талкуулайт
Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитети авиакомпанияларга жеңилдиктерди түзүү зарылдыгы тууралуу талкуулайт. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, баяндаманы Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев жасайт. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында 5 маселе каралат. "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын абалы, Экономика министрлигинин алдындагы көп кабаттуу турак-жай имараттарын үлүштүк куруу багытындагы көйгөйлөр боюнча мекемелер аралык комиссиянын маалыматы угулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

