super.kg logo

"Мигранттар өлкөгө жыл сайын 2 миллиард 5 миллион доллардан ашуун акча которушат" дейт Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору

 

Мигранттар өлкөгө жыл сайын 2 миллиард 5 миллион доллардан ашуун акча которушат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев "Парламент" радиосуна берген маегинде билдирди.

"Статистика боюнча 750 миң мигрант мекендештерибиз бар. Алардын 630 миңи Орусия Федерациясынын аймагында эмгектенишет. Жыл сайын өлкө казынасына 2,5 миллиард доллардан ашуун акча которушат. Бул экономиканы колдоого болгон чоң салым.

Чет жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз көз жумганда сөөктү Кыргыз мамлекетине алып келүүгө кыргыз диаспоралары чоң көмөк көрсөтүүдө. Каза болгон маркумдун жакындары мамлекеттен 50 миң сом компенсация ала алышат. Бишкек шаарында чет жакка кетип жаткан мигранттарга тил үйрөтүп, багыт берип, коопсуздугун көзөмөлдөгөн Миграция кызматынын алдында жарандарды башка мамлекетке ишке орноштуруу кызматы бар. Алар азыр Корея мамлекети менен тыгыз иш алып барууда. Мигранттарыбыз көп эмгектенген жерлерде, ардактуу консулдуктарды ачуу боюнча азыр иш-аракеттер жүрүп жаткандыгы да адистин маалыматтарынан улам белгилүү болду. Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, эми мекендештерибиз чет жерлерде да өз пенсиясын ала алышат. Азырынча бул келишим Түркия мамлекети менен түзүлдү. Мигранттардын коопсуздугун, иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн бардык аракеттерди жасайбыз", - деди Имангазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
22.01.2019. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Миргантар эле багып жатат чындыгында бийлик кресло талашуу менен убара.
22.01.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми мигрант болгону учун деп салык салбасанар эле болгону.
23.01.2019. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр жакшы жөлөк пулду жөн берип калышыптыр мурда түстүү твың бар экен деп да шылтоо кылышып бербей койгондорун укканбыз бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: