super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз футбол күйөрмандары кытайлык калыска карата #fumingshame хэштегин таратууда

 

21-январда Азия Кубогунун жарым чейрек финалында Абу-Даби шаарында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамасы менен беттешкен. Бул оюн БАЭнин пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Бирок оюндун жүрүшүн көргөн кыргыз футбол күйөрмандары андагы калыс Фу Мингге терс пикирлерин жазышууда. Муну менен катар эле интернет колдонуучулар #fumingshame (Фу Минг Уят) деген хэштегди жайылтууда.

Беттештин алгачкы бөлүктөрүндө калыстын талаа ээлерине тымызын тартып жатканы байкалганын бир катар күйөрмандар жаза баштаган. Бирок оюндун аяк ченинде калыстын ачык эле Бириккен Араб Эмираттарынын футболчуларына тарта баштаганын дээрлик бардык күйөрмандар көрүп, ага кыжырлануусун билдире башташкан.

Ал ортодо Фу Минг тууралуу маалыматтар интернетке тарады. Интернеттеги маалыматтар боюнча кытайлык калыс 36 жашта. Мындан тышкары анын буга чейин да бир катар оюндардагы калыстык кылуу аракети оюнчулардын нааразычылыгын жаратканы жазылууда.

"Фу Минг - улуттук федерация нааразы болгон калыстардын бири. 2017-жылы ал дүйнөлүк чемпиондуктун тандоо турунда Сауд Арабиясы менен Таиланддын курама командасынын беттешинде калыстын милдетин алган. Оюн 1:0 эсебинде Сауд Арабиянын пайдасына жыйынтыкталган. Андан кийин Таиланддын футбол ассоциациясы калыска нааразы экенин билдирип, ФИФАга кайрылган. Бирок ФИФА Фу Мингдин чечимин туура деп таап, ал акталган.

2016-жылы Сузуки кубогунда Вьетнам менен Индонезия футболдук курама командаларынын беттешинде калыс болгон. Анда ал Вьетнам оюнчуларынын дарбазасына пенальти берип, бирок аны кайра жокко чыгарып койгондугу менен футбол күйөрмандарынын эсинде калган", - деп жазылат маалыматтарда.

Жалпылап айтканда, кайсы бир жагдайда БАЭнин футболчуларын Азия Кубогунан чыгарбай туруу оюнду уюштуруучуларга пайда деген пикирлер көп. Анткени талаа ээлеринин мелдештерге катышып туруусу жергиликтүү күйөрмандардын стадионго толуп турушун камсыздайт. Мындан улам АФКнын жетекчилери спорттон мурда саясатты бийик коёт деген пикирлер арбын. Өз кезинде футбол боюнча Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин калыс Фу Мингдин жумушун сындабай турганын билдирди.

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы менен БАЭнин курамасы ортосундагы беттештин хронологиясын бул шилтемеден окуңуз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(17)
22.01.2019. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Фу Минг эмес эле Фууу Минг экен го
22.01.2019. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кантип таратат мен дагы кошулайын дедим эле
22.01.2019. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Фуу Мал экен арабтарда адам эмес экен бул деген оюн эгер арабтарда чыныгы мусулмандык жүзү болсо оюнда сатып алмак эмес уят уят мен учун Кыргызстан биринчиде давай келгиле кече миңдеген адам чогулгандай Акшумкарлар келгенде ошондон көп чогулуп майрамдык маанайда тосуп алайлы
22.01.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
хештеке менда кошулам. Фууууу минг. Ак Шумкарлар алга силерди элинер колдойт.
22.01.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Талга азып олтуруш керек. Бир мамлекеттин мээнетин олтурду.жакшылык корбосун. Кечинде апам экообуз кордук апам 73 жашта болсо дагы судьяны олордой каргады
22.01.2019. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Modric10,азып дебей асып десен
22.01.2019. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Фуу, тфу мин.
22.01.2019. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Арабтардын пейли кеткен дагы жетелекби пейли кеткени
22.01.2019. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Анан дагы куйорман болуп барышкан боордошторго ыраазы гана болосун да.алакандай кыргызым ар кун сайын ынтымагыбыз ушундай болсо
22.01.2019. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Фифага жалоб кылыш керек бирок толо калыстыктан чектетип кечки өткөн беттешти жокго чыгаруусун талап кылуу керек
22.01.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХХХ экенсиң арабдардын акчасына сугарылып бүткөн экенсиң ачык эле тартып койду калыстык кылбадың бир жериңден чыгып кетсекен!
Модератор admin_superstan түзөттү 2019-01-22 14:43:52
22.01.2019. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Крестинин деле сатылыптырда араптарга,судья менен тили бирго менимче.
23.01.2019. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka1986, ага рахмат дегендин ордуна эмне деп жазып жатасын? Ал ал озунун сабырдуулугун, гумандуулугун корсотуп жатат, оюндун шартын билбегенден кийин дооруп жазбаш керек, оюнда калыс кандай чечсе ошондой болот, билип жур. Ушунча аренга чыгып, ушунча оюн корсоткондорго рахмат дейли. БИЗ БААРЫ БИР УТТУК
22.01.2019. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Фифага арызданса болот дуйно эли коруп турат чара корсун бул саткын эшеке эч кандай пенальти жок болчу ал жерде деп бут баары айтып жатышат
22.01.2019. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Фифаны сотко берсе болот 100% не честный болду
22.01.2019. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзүбүздүн Ак шумкарларды жеңди Азия чемпион деп эле мактап жактап,СМИлерден таркатып ар кандай репортаж роликтерди берсе.Өзүбүз чемпион атай берсек бирөө бирдеме дейби?
22.01.2019. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фууу минг тфу блин!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: