super.kg logo

Шашылыш билдирүү! Аба ырайынын бузулушуна байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү күтүлөт

 

21-январдан 23-январга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргыз Республикасынын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүлөрүнүн жаралышы күтүлөт. Шашылыш билдирүүнү ӨКМ таратты.

"Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында жана Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 95-130-чакырымдары, Казарман-Актал-Чат унаа жолунан 43-44-чакырымдары (Ийри-Суу участкасы) 67-90-чакырымдары (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп билдирет ӨКМ.

22-январда түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда күндүз, 23-январда жана 24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-24-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

25-январда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 26-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу унаа жолдору аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга төмөнкү эрежелерди так сактоону эскертет:

- ӨКМдан берилген шашылыш билдирүүгө, аба ырайы тууралуу маалыматка өзгөчө көңүл буруу;

- Тоолуу унаа жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы чектелиши зарыл;

- Кышкы дөңгөлөктөр;

- Күрөк, чынжырча, дары-дармек салынуучу куту (аптечка) болуусу зарыл;

Өзгөчө кырдаалга кабылсаңыз “112” кызматына чалыңыз, чалуу акысыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: