super.kg logo

Транспорт министрлиги Ички иштер министрлиги менен бирге рейд өткөрүп, унаасынын терезесин караңгылаткандарды аныктап баштады

 

Өлкө аймагында жыл башынан бери терезесин караңгылатып айдаган айдоочулардын саны көп болууда. Буга байланыштуу Транспорт жана жолдор министрлиги Ички иштер министрлиги менен биргеликте рейд өткөрүп, унаасынын терезесин караңгылаткан жана өз билемдик менен үн чыгаруучу жабдууларды унаасына орнотуп алган айдоочуларды аныктап баштады. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мекеменин басма сөз катчысы Кылыч Досумбетовдун SUPER.KG'ге билдиришинче, рейд бүгүн, 22-январда башталды. Азырынча канча унаанын терезеси караңгылатылганы белгисиз.

2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген "Эреже бузуу" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, унаанын терезесин караңгылаткандарды тескөө Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлүп берилген. Бирок учурда өкмөт бул милдетти кайрадан Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгына өткөрүп алууну демилгелөөдө. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилип, тийиштүү комитет 1-окуудан колдоп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
22.01.2019. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
негизи ГАИ эле алыш керек, транспорт постоянно козомол кыла албайт да
22.01.2019. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эптеп эле акча кылыш керек болду да
22.01.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гаилердин левыйы азайып кеткен окшойтда
22.01.2019. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чон кызматта жургон кишилерди ото кыйын адамдар дечу элем.Жанылышыптырмын,окмотто жумуштун козун билбегендер толтура экен.Кантип ушундай болсун, транспорт минис-де кандай рычагдар бар "тонировка"ны жойгонго.
22.01.2019. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлонуп анан берсе болмок ары бери турткулобой тонировканы, белгилуу олчомдо акча толосун мамлекетке кылгысы келгендер тонировка кылып журо берсин акча да болот олкого...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: