super.kg logo

Депутат Карашев: "Жаңы кодекстер боюнча өтө турган кийинки жыйынга жетекчилер келбесе, анда аларды кетириш керек"

 

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында айрым депутаттар жаңы кодекстер боюнча өкмөттүн маалыматын бир аптадан кийин угууну сунушташты.

Депутат Аалы Карашев бул сунушту колдой турганын айтты. "Эки комитет чогулуп ушул маселени карап жатабыз. Бул жерге өкмөттүн тийиштүү министри, прокурору келип койгонго жараган жок. Ошондуктан кийинкиде жетекчилер өздөрү келип жооп беришсин, келишпесе кетириш керек. Маалыматты бир жумадан кийин угалы деген сунушту колдойм", - дейт Карашев.

Жыйынтыгында айрым депутаттардын өкмөттүн маалыматын бир аптадан кийин угуу сунушу колдоо тапкан жок.

Буга чейин жыйында эл өкүлдөрү жыйынга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин келбегенине нааразы болушкан.

Учурда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети жана Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин бириктирилген жыйыны өтүүдө. Анда жаңы кодекстер жана мыйзамдар тууралуу маалымат угулууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
22.01.2019. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озгон шаарына кире бериште жайгашкан Батма эне Чайханасы Карашовторго тандык, ал жерде силер шарт тузуп бербегендигинерден 2 келин ууланып бири каза болду!Жоопкерчиликти мойнунар менен тарткыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: