super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмамбет Шыкмаматов: “Байкоочу кеңеш жарандык коом тарабынан сунушталган талапкерди шайлашы керек”

 

Ушул жылдын февраль айында Илим Карыпбековдун КТРКга жетекчи болгонуна төрт жыл болот. Бул арада коомдук каналга элдин көйгөйүн чагылдыруунун ордуна, бир тараптуу саясий маалыматтарды таратып жатат деген сындар айтылып келди. Коомчулук учурда КТРКга өз талапкерлерин сунуштап жаткан кез.

SUPER.KG порталынын "КТРКнын башкы директорунун иштөө мөөнөтү аягына чыгат. Коомдук телеканалга бийликке эмес, элге иштей турган жетекчини кантип алып келүүгө болот?" деген соболуна депутат Алмамбет Шыкмаматов жооп берди.

Ал КТРКнын башкы директору ким болуп шайлана турганы Байкоочу кеңештин абийиринде экенин айтты.

“КТРКнын директорун Байкоочу кеңеш шайлайт. Ким шайлана турганы Байкоочу кеңештин абийиринде. Алар директорду тандап жатканда адилеттүү, мыкты, журналистиканын эл аралык стандартын сактаган, бир маселеде канча тарап болсо ошончо тараптын бардыгына бирдей мамиле кылган, бир тараптын арыгын чаппаган адамды алып келиши шарт. Коомдук канал бийликке, президентке, өкмөткө тийиштүү эмес, элге тийиштүү. Байкоочу кеңеш директор шайлап жатканда адилеттүү болушу зарыл. Алар жарандык коом сунуш кылган талапкерди шайлашы керек”, - деди Шыкмаматов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Табалды Тиллаев, Садык Шер-Нияз, коомдук ишмер Абды Сатаров, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, төкмө акын Азамат Болгонбаев, ырчы Урмат Усенов жана акын Бердибек Жамгырчиевдин жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: