super.kg logo
  Спорт  

ФИФАнын эл аралык калысы Кочкаров: "Калыс Фу Мингдин катачылыгы оюндун жыйынтыгына терс таасирин тийгизди. Биринчи гол офсайд болчу"

 

21-январда Абу-Даби шаарында Азия Кубогунун жарым чейрек финалында Кыргыз улуттук курама командасы БАЭ курамасы менен беттешкен. Бул оюн БАЭнин пайдасына 3:2 эсеби менен аяктаган. Бирок оюндун жүрүшүн көргөн кыргыз футбол күйөрмандары андагы калыс Фу Мингге терс пикирлерин жазышууда.

Жогорудагы оюндун жүрүшү, Кыргыз улуттук курамасынын даремети жана кытайлык калыс Фу Мингдин катачылыктары тууралуу SUPER.KG порталы ФИФАнын эл аралык калысы Бахадыр Кочкаров менен кыскача маектешти. Эл аралык калыстын пикиринде, Кыргыз улуттук курамасы оюнда жеңилген жок.

- Бахадыр мырза, кыргыз футболчулары менен БАЭ курамасынын беттеши дале көңүл чордонунда болуп, кызуу талкууланууда. Сиз кандай баа берип жатасыз?

- Кыргыз футболчулары менен БАЭ курамасынын беттеши Азия Кубогундагы оюндардын ичинен эң бүйүр кызыткан, кызыктуу жана ачык оюндардын бири, башкача айтканда, тарыхый оюн болду. Кыргыз футболчулары мүмкүн болушунча жакшы оюн көргөзүштү. Ошондуктан биз утулган жокпуз, тескерисинче, уттук. Бул үчүн мен кыргыз элин, оюнчуларды чын жүрөктөн куттуктайм. Оюнду ошол жерден көрүүгө эл өзү жетип бара албаса дагы, Кыргыз жеринде болуп сүрөөгө алып, өтө жогорку деңгээлде колдоп жатышты. Өлкө башчыбыз дагы телефон чалып өзүнүн колдоосун көрсөтүп жатты.

- Баары эле кытайлык башкы калыс Фу Минг БАЭге тартып койгонун айтып, сынга алышууда. Сиз калыстын катачылыктарын байкай алдыңызбы?

- Калыс оюндун эрежелерин так сактаганы менен, оюн талаасында болуп жаткан атмосфераны толук сезе алган жок. Пенальти берилбеши керек эле. Анан дагы биринчи гол офсайд абалда кирди. Ошондуктан калыстын катачылыгы оюндун жыйынтыгына терс таасирин тийгизди.

- Ошентсе деле жеңишке жетүү үчүн бизде мүмкүнчүлүктөр болдубу?

- Албетте, бизде 3-4 мүмкүнчүлүк бар болду. Анткенибиз менен - бул футбол, топ тоголок да. Андан сырткары футбол аянтындагы көрүүчүлөрдүн көпчүлүгү БАЭ курамасынын күйөрмандары болуп, ал дагы өз үлүшүн берип турду. Күйөрмандардын саны психологиялык жактан көп таасир берет. Албетте, БАЭ курамасы күчтүү команда. Бирок биздин балдар Филиппин курамасы менен ага чейинки оюндарда кандай ойносо, ошондой ойношту. Мындан ары да ушундай эле оюн көрсөтүшөт. Эмне кылыш керек болсо, колунан эмне келсе баарын пайдаланышты. Бул болуп жаткан жыйынтыктар биздин оюнчулардын мурдагыга салыштырмалуу өтө бышып калганынан кабар берип жатат. Албетте, Бириккен Араб Эмираттарын утуп, кийинки баскычтарга өтүүгө мүмкүнчүлүк бар болчу. Биз буга чейин Филиппинди ута алган эмеспиз да. Мунусунда утуп койдук го. Ошондуктан бул футбол, алдын ала айтууга мүмкүн эмес. Бул жактан туруп ары чурка, бери чурка деп айтып коюу оңой, ичинде туруп ойноо жеңил эмес. Биздин оюнчулар эми муну менен эле токтоп калбай алдыга гана жылышы керек. Ийгиликтер алдыда.

- Футболчулар мындан дагы чоң ийгилик жаратуусу үчүн биринчи кезекте эмне керек деп ойлойсуз?

- Балдар арасындагы футбол көп нерсени чечет. Биринчи кезекте балдар футбол ойношу керек. Ал үчүн мамлекеттин программасы болуш керек, шарт түзүү зарыл. Чакан жана чоң стадиондорду куруу керек. Эмнеге биздин балдар Азия Кубогунда жакшы оюн көрсөтүштү? Анткени Бириккен Араб Эмираттарында стадиондор эң жакшы. Бизде андай стадиондор кайда? Андан сырткары адистердин маселесин чечүү зарыл. Ошол эле машыктыруучу, дарыгер жана башка адистер аз айлык алып иштешет. Айлык акысы аз болсо жакшы адис кетип калат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
23.01.2019. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Точно офсайд беле,ал жерде кайталап коргондо деле офсайд жок дешти!?
Эгер сиз айткандар туура болсо ,2гол куру эле кирген!
Демек арыз жазууга да мумкун!?
Албетте оюнду артка кайтарып Кыргызстанды женди кыла албайбыз,бирок Фу Минге окшогон калыстарга жалоб кылып жок кыла алсак керек!? Мындай калыстар кереги жок,арыз жазылса Кыргызстанды колдойт баарысы! Уят эле арабтар))
monster_high_98 түзөттү 2019-01-23 12:21:39
23.01.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
monster_high_98,офсайд болгон экен. Кутман ошого колун которуп кыйкырды.
Мен да байкаган элем. Эхх айта берсек соз коп. журокту жаралаган кытай калыска эле нааразыбыз
Modric10 түзөттү 2019-01-23 12:28:55
23.01.2019. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дагы топту колу менен тоскону даана эле корунуп турбайбы.
23.01.2019. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Офсайт болду Кутман колун которуп калыска айтам деп алаксып калды ошого тосо алган жок оюнду байкасанар
23.01.2019. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
egiz-jigit,туура айттын
24.01.2019. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
egiz-jigit,бирок Кутман ката кетирип койду зачем кол которуп судя бар топту тосо бериш керек эле
23.01.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Болоору болду,боесу канды эми. Мындан ары топ курамалалар КР дегенде журоктору бир болк дей тургандай кылып койдук.мурда бизди аутсайдер команда катары таанышса эми олуттуу каршылаш иретинде тааный башташат. Бир кааларым дуйно чемпиондугунда тандап алуу оюндарда ОАЭ биздин группага тушуп Омурзаков стадионунда реванш алсак разгром менен,ошондо моокумум бир канаар эле.
23.01.2019. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Болду да эми, оюн бутту поезд кетти.
23.01.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин Ак-Шумкарлар азаматсынар жакшы ойнодунар жендинер, калыс фу минг атайын заказ менен койулгандай эле арабтарга тартты себеби арабдар чыгыш керек болчу бул жерде башка кучтуу мамлекет туш келгенде мындай кылмак эмес мындай учурларда мамлекеттин да авторитети роль ойноп койот.
23.01.2019. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
11ге12болуп ойноду биздин жигиттер. А так утмакпыз
23.01.2019. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Оффсайд болгон жок. Бериде бир оюнчу калып кеткен экен.
23.01.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Калыс КЫТАЙский болуп калда да
24.01.2019. 07:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
2чи ОАЭ ГОЛУ офсайд эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: