Айымдар арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпиондугуна катышат
Айымдар арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы билдирди. Мелдеш 25-28-июль күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында болмокчу. Кыргызстандын атынан башкы машыктыруучу Бахтияр Юсуповдун жетекчилиги астында 3 спортчу катышат. Алар: Динура Сулайманова (40 кг), Тамара Келдибек кызы (43 кг) жана Кундуз Кушубакова (56 кг).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.