super.kg logo

Өлкөнүн энергетикалык тармагын реформалоо маселеси боюнча кеңешме өттү

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн энергетикалык тармагын реформалоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы жарандык коомдун өкүлдөрү жана калк тарабынан энергетика тармагын башкаруу түзүмүнө карата, ошондой эле "Улуттук энергетикалык холдингдин" ишмердигинин натыйжалуулугуна сындар айтылып жатканын айтты.

Премьер-министр эскерткендей, энергетика тармагынын маселелери ар кандай деңгээлдерде бир нече жолу талкууланган. "Ошого карабастан, бул маселелерди чечүү боюнча маанилүү жылыштар жок. Буга чейин алынган насыялык каражаттарды тейлөө, жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, энергетикалык компаниялардын негизги каражаттарын, ошондой эле энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык документтерди жаңылоо маселелери курч турат", - деди Абылгазиев.

Мындан тышкары премьер-министр кошумчалагандай, энергетикалык тармак үчүн жабдуулардын көбүнчөсү чет өлкөдөн сатып алынат. Муну эске алуу менен, ата мекендик экономиканы өнүктүрүү жана жаңы жумушчу орундарды түзүү максатында өлкө аймагында "акылдуу эсептегичтерди", кабелдик продукцияны, трансформаторлорду жана башка техниканы чыгаруу, өндүрүштү уюштуруу боюнча сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Буга катар өкмөт башчы калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күз-кыш мезгилинен өтүү боюнча чаралар жыйындысы мурда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүшүн талап кылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: