Индияда ата-энеси тарабынан тирүүлөй көмүлгөн наристе аман калды
Индиянын Шахжаханпур шаарында ата-энеси жаңы төрөлгөн наристени тирүү бойдон көмүп салышкан. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалым болгондой, жубайлар төрөлгөнүнө 20 күн болгон наристесин шаманга алып барышкан. Ал наристеге жин кирип кеткендигин айткан. Мындан улам ымыркайдын ата-энеси жана 2 тууганы болуп аны кудуктун жанына көмүп кетишкен. Бирок ымыркай тирүүлөй көмүлгөндүктөн анын дабышы жолдон өтүп бара жаткан Дхармендра Кумар аттуу адамга угулган. Ал наристенин үнүн тыңшап кудуктун жанына барып, казып алган.
"Наристенин ыйы мени кудукка алып келди. Мен кудукту казганымда ал тирүү экен, аны сактап калдым", - деген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
-2

Наконец-то...