Жалал-Абад шаарынын вице-мэри: "Кышка даярдык көрүү ойдогудай уланууда"
Жалал-Абад шаары кышка даярданууда. Шаарда 5 аймактык башкармалык болсо, учурда анын төртөөсүндө көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөлөрү жергиликтүү жашоочулардын катышуусу менен тазаланууда. Коммуналдык чарба жана курулуш маселелери боюнча вице-мэр Турдалы Темирбаев: "Кышында жолдорду кардан тазалоо үчүн 60 тонна туз, 100 тонна кум даярдалды. От казандар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы 4 от казан курулуусу пландалууда. Шаардык билим берүү башкармалыгы ушул жылдын 22-июлунда 635 тонна көмүр сатып алууга тендер жарыялайт. Негизинен кышка даярдык көрүү жакшы, ойдогудай уланып жатат",- дейт.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















