super.kg logo

Астротөлгө: 23-январь күнү төрөлгөндөр жылдыздуу жана сүйкүмдүү болушабы?

 

23-январь күнү төрөлгөндөр модель сыяктуу боюн түз алып жүргөнү, сүйлөгөнү, өзгөчө мүнөзү менен көпчүлүктөн айырмаланып турат. Кыялкеч, ошол эле учурда жашоого реалдуу көз караш менен карашат. Кандайдыр бир иште жаңы идеяларды, принциптерди киргизип, аны ишке ашыра алышат. Мүнөзүнө келсек, жумшактык, жоопкерчиликтүүлүк, чынчылдык башкы сапаттарынан. Башкалар менен бат тил табышып, катташып турууну жактырышат. Ынак дос, асыл адамдар. Эркинин күчтүүлүгү жашоодогу максаттарына жетүүдө чоң көмөкчү болот.

Бул күнү төрөлгөн суу куярлар жылдыздуу, сүйкүмдүү келишет. Ошондуктан бир көргөн адамга таасир калтыра алышат. Ишенимдүү жана түшүнүктүү түгөй болуп беришет.

Аты белгилүү болуп атактуу болгондордун ичинен күлкү жаратуучу Мыктыбек Мукаев, советтик баскетболчу жана Дүйнө чемпиону аталган Сергей Белов, Монако ханбийкеси Каролина, америкалык актриса Тиффани Тиссен, нидерландылык супермодель Даутцен Крус ушул күнү төрөлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: