"Ата Мекен" партиясынын юристтерине байланыштуу иш боюнча соттук отурум 13-февралда болот
Бүгүн, 23-январда Бишкек шаардык сотунда карала турган "Алмазбек Атамбаевдин кадыр-баркына шек келтирди" деп айыпка жыгылган Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын иши боюнча соттук отурум болмок.
Бирок Атамбаевдин кызыкчылыгын коргогон тарапка жаңы жактоочунун кошулуп калгандыгы үчүн айыпталуучулар Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиздин жактоочусу Эмил Жандаев соттук отурумду кийинкиге жылдыруу өтүнүчүн келтирип, соттук отурум 13-февралда уланмай болду.
Айыпталуучулардын бири, юрист Таалайгүл Токтакунова соттук иштердин жүрүшү жана экс-президент тууралуу өз пикирин билдирди.
"Мурда мыйзам боюнча Башкы прокуратура президенттин кызыкчылыгын коргогонго укугу бар болчу. 2018-жылдын 17-октябрында Конституциялык палата Башкы прокуратуранын бул укугун жокко чыгарган чечим кабыл алган. Ошондуктан биздин ишти кайра карап чыгуу боюнча сотко арыз менен кайрылганбыз.
Доо арызды Индира Жолдубаева берген. Башкы прокуратура биринчи инстанциядагы сотко катышкан. Бүгүн эмне үчүн Башкы прокуратуранын өкүлдөрү сотко келбей калды? Эмне үчүн Атамбаев Башкы прокуратурага барып өзүнүн кызыкчылыктарын коргогусу келбей, мага окшогон жөнөкөй юристке барып өзүнүн кызыкчылыгын коргогусу келип жаткандыгы мен үчүн да абдан кызык. Эмнеге мурда ооруп калсак да жылдырылбай, күнүгө эртеден-кечке каралып жаткан биздин ишибизди Шаардык сот дээрлик жарым айга, 13-февралга жылдырып койду?
Же Атамбаев соттук процесске келип өз оюн айткысы келип жатабы? Анын кандай ою бар экендигин өзүнөн сурап билишибиз керек", - деди Токтакунова.
Мындан сырткары юрист журналисттердин "Экс-президент уялып жатат деп ойлойсузбу?" деген суроосуна да жооп берди.
"Балким "ал адамдын уяты барбы?" деген суроо берилиши керек эле. Бирок билбейм, ар адамдын өз абийири өзүндө. Балким, "капа болуп жатасызбы?" деп сурагыңар келип жатат. Юрист катары мен капа болгон жокмун. Өзүмдүн, башка адамдардын кызыкчылыктарын мыйзам чегинде коргогонго көнүп калгам. Атамбаев уялбаса дагы ойлонушу керек. Мыйзамды ар бир адам жакташы кажет. Эгерде өзүнүн чындыгы бар болсо, Атамбаев өзү сотко келип, менин көзүмө карап туруп айтып бере алабы?
Эгерде Атамбаевге ошол 10 миллион сом керек болуп, кызыкчылыгын башка адамдарга кирип коргоп жатса анда мени эмес, ошол Атамбаевдин өзүн аяш керек го деп ойлойм", - деди Токтакунова.
2017-жылдын 1-март күнү Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова жана Канатбек Азиз кырсыкка кабылган Боинг учагындагы жүк ошол учурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнө таандык экенин далилдеген документтер бар экенин билдиришкен болчу. Башкы прокуратура "билдирүүдө өлкө башчысынын кадыр-баркына жана ар-намысына шек келтирилген" деп Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизди сотко берген.
2017-жылдын 4-июлунда Бишкектин Октябрь райондук соту "Ата Мекендин" юристтерин "жалган маалымат менен президентти каралады, айтылган маалыматтар чындыкка дал келбейт" деген негиз менен 10 миллион сом айып пулга жыккан. Октябрь райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту 2017-жылдын 18-августунда күчүндө калтырса, 2017-жылдын 30-ноябрында Жогорку Сот да биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын мүлктөрүн камакка алган. Камакка алынган мүлктөрдүн арасында автоунаа, батир жана жер тилкеси бар.
Юрист Таалайгүл Токтакунова:"Атамбаевге 10 миллион сом керек болуп жатса, мени эмес анын өзүн аяш керек"


