super.kg logo
  Саясат  

Быйыл күчүнө кирген жаңы кодекстерге эки жыл мурун депутаттар кантип добуш беришкен?

 

Бүгүн, 23-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 1-январдан тарта күчүнө кирген сот-укуктук реформа жүргүзүүнүн алкагында кабыл алынган жаңы кодекстер жана мыйзамдар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маселе каралды. Парламентте өкмөткө жаңы кодекстердеги кемчиликтерди жоюу тапшырмасы берилген токтом кабыл алынды.

Анда ушул жылдын башынан Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Эреже бузуу жөнүндө кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар күчүнө кирген.

Ал эми Кылмыш-жаза кодекси 2016-жылдын 22-декабрында дагы каралып, Жогорку Кеңеште добуш берилген. Бул кодекстин демилгечилери Өмүрбек Текебаев, Курмантай Абдиев, Наталья Никитенко, Тынчтык Шайназаров болгон.

Аталган кодекске ошол учурдагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын бардыгы "макул" болсо, бир гана эл өкүлү Дастан Бекешев "каршы" добуш берген.

Ким кандай добуш бергенин төмөндөгү тизмеден көрүңүз:

Жазык-аткаруу кодекси боюнча дагы демилгечилердин бири Өмүрбек Текебаев. Бул кодекске 101 эл өкүлү "макул" деп добуш берген.

2017-жылдын 2-мартында Эреже бузуулар жөнүндө кодекске Жогорку Кеңештин 14 депутаты гана "каршы" добуш беришип, калгандары "макул" деп добуш беришкен. Каршы болгондордун ичинде Аида Салянова, Наталья Никитенко, Курманкул Зулушев, Эмил Токтошев жана башкалар болгон.




кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: