super.kg logo

Кыргыз цирктин 35 кызматкери жапырт жумуштан кетүүгө арыз жазып, сыйлыктарын министрликтин алдына алып барышты

 

Кыргыз мамлекеттик циркинин 35 кызматкери жапырт жумуштан кетүүгө арыз жазды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге аталган мекеменин артисти Данияр Бөлөкбаев кабарлады. Алардын массалык түрдө кызматтан кетүүсүнө цирктин директорлугуна өздөрү сунуштап жаткан талапкер Аида Акматованын дайындалбай жатышы түрткү болууда.

Бөлөкбаевдин айтымында, алар аталган маселени маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов үч күндүн аралыгында чечип берерин айтып, бирок бир чечимге келбей жатат.

"Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев кызматтан кеткенине бүгүн 51 күн болду. Анын ордуна биз өзүбүздө иштеп, биздин түйшүктү ичибизден билген кыз катары Аида Акматованын талапкерлигин көрсөткөнбүз. Дүйшөмбү күнү министр Азамат Жаманкулов менен жолугушканыбызда үч күндүн аралыгында чечиле турганын айткан. Бүгүн үчүнчү күн бүтүп жатат, бирок дале чечим чыгара элек. Ал гана эмес, башка талапкер Фархад Бекманбетов телеканалдардын бирине цирктин азыркы абалга келишине биздин дагы тиешебиз бар экенин айтып маек бериптир. Ошондуктан анын айтканына каршы экенибизди билдирип, сотко бергени жатабыз. Анын негизинде Бекманбетовдон 4 миллион 500 миң сом өндүрүүнү талап кылабыз. Ал акча мамлекеттин бюджетине түшөт", - деди Бөлөкбаев.

Жумуштан кетүүгө арыз жазган кызматкерлер Эл аралык фестивалдардан алган сыйлыктарын учурда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына алып барышты. Бөлөкбаев бул сыйлыктар министрликке өткөрүлүп берилерин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.01.2019. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Не нормальныйлар.директорлукту монополия кылып алышканбы
23.01.2019. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Акмактык акмактык акмактык иштегендерда, директорлору да окмотда. Учоо тен биринен отуп бир акмак экен. Битке очошуп койногун орттогондор дал ушулар экенда. Окмот кысыып эле булардын каалаганындай кылып койбойбу тоооообаааа.
23.01.2019. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Аида кооп акча берип койгон окшойт алгандын кусмайы бар урматтуу кызиаткерлер
23.01.2019. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Milliondogon akcha kantip berip koymok ele. Berse ichi jarylyp olotko
23.01.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунте берсе бардыгын арызын кабыл алып, иштен алыш керек. Кыргыздын осуп келе жаткан жаш муундарын ишке алыш керек. талапкер Фархад Бекманбетов туура айтыптыр жамааттын да айбы бар бул жерде.
23.01.2019. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде оз адамдарын койуп алып,ижарадан тушкон акчаны болуп алышкысы келип атат да.ал жерде миллиондогон акчалар ойнойт.цирктин айланасы бут эле дукон,кафелерге толуп кеткен.кетсе кетирип жибериш керек.
23.01.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман характерлерин коргозушту го,ар ишкана эле биз айткан дирокторду коюп бер дей бергени болмок беле
23.01.2019. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул мекемеге күчтүү менеджер керек. Эми өкмөт татыктуу кадр таба албай жатса керек да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: