ЖЫЛНААМА, 24-ЯНВАРЬ: Эскимонун эл аралык күнү
Бүгүн, 24-январь - Эскимонун эл аралык күнү. 1922-жылдын ушул күнү АКШнын Айова штатындагы Онава шаарында жайгашкан таттуулар дүкөнүнүн ээси Христиан Нельсон эскимого патент алган.
Бул тарыхый окуяга байланыштуу дал ушул дата майрам катары тандап алынган. Эскимо - таякчада шоколад менен капталган балмуздак. Айрым тарыхый булактарга таянсак, Байыркы Римде император Нерон эскимону десерт катары жеген. Бирок аталган балмуздактын расмий туулган күнү деп 24-январь, ага патент алынган күн эсептелет. Алгач ойлоп табуучу аны "Eskimo Pie" (эскимонун токочу) деп атаган. Кийинчерээк балмуздак дүйнө жүзүнө тараган соң аталышы жөнөкөйлөштүрүлгөн.
24-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:51
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















