ЖЫЛНААМА, 24-ЯНВАРЬ: Мындан 95 жыл мурун алгачкы Кышкы олимпиадалык оюндар башталган
Бүгүн, 24-январда 1924-жылы Алгачкы Кышкы олимпиадалык оюндар башталган.
Кышкы олимпиадалык оюндар - бул спорттун кышкы түрлөрү боюнча эң ири эл аралык жарыш. Ал Эл аралык олимпиадалык комитеттин колдоосу менен 4 жылда бир өткөрүлүп келет. Жайкы олимпиада оюндарына толуктоо катары 1924-жылдан бери өткөрүлүп келет.
1924-жылы Франциянын Шамони шаарында Эл аралык олимпиадалык комитеттин колдоосу менен спорт боюнча эл аралык жумалык өткөн. Анда спорттун кышкы түрлөрү боюнча оюндар өткөрүлүп, көп өтпөй ал жумалык алгачкы кышкы олимпиадалык оюндары деп аталып калган.
24-январга карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.