super.kg logo

"Мындан 15 жыл мурун боор циррозунан улам апабыздан айрылганбыз, учурда эжем да бул оору менен күрөшүүдө" дейт Оштун тургуну

 

18 жыл бою мугалим болуп иштеген 41 жаштагы Данагүл Анарбаева учурда оорунун айынан үйдөн чыкпай калды. Мунун баарына карегинин курчтугун, өмүрүнүн жакшы күндөрүн азапка салган оору себеп болду. 2013-жылдан бери боор оорусу менен жабыркап келген каарманыбыз учурда дарылануу үчүн каражаты жетишсиз болгондуктан элден жардам суроого аргасыз. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын бир тууганы Келсинай Анарбаева билдирди.

Анын айтымына караганда, ушул эле илдеттен мындан 15 жыл мурун бир туугандар 50 жаштагы апасынан айрылышкан.

"Өзүбүз Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылынан болобуз. Эжем 18 жыл бою башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенген. Эжеме 2013-жылы дарыгерлер боор циррозу деген диагноз коюшкан, ошондон бери бул илдет менен алышып келет. Оорунун айынан төрөй да албай калган, жалгыз уулу бар, ал учурда 9-класста окуйт.

Дарыгерлер тез арада операция кылуу керектигин айтышууда. Мындай операциялар Индияда жасалат, баасы 35 миң долларды түзөт экен. Бул суммадагы акчаны өз алдынча чогулта албайбыз. Ушул себептен улам эжемдин өмүрүн сактап калуу максатында элден жардам суроого аргасызбыз. Жездемдин туруктуу жумушу жок, эжем ден соолугуна байланыштуу азыр иштебейт. Биздин берген акчалай жардам күнүмдүк дары-дармекке эле жетүүдө. Акыркы жылдары эжем ошол жалгыз уулун үйлөнтүп "неберемди көрүп кетсем экен" деп тилек кылып калды. Кичинекей кезибизде апабыз да боор циррозунан каза болуп калган. Анда биз эч нерсени түшүнө элек болчубуз. Азыркы учурда эжемдин кыялын орундатуу үчүн жардам сурап карапайым калкка кайрылууну туура көрдүм.

Айла жоктон укол менен ичине толуп жаткан суусун сордуруп жатабыз. Бирок суу кайра эле толуп калып жатат. Дарыгерлер мындайды көп кылууга болбой турганын эскертишкен. Бирок биз айла жоктон бул кадамга барып жатабыз. Себеби суусун кетиргенден кийин эжем кичине жеңилдеп, тамак-аш ичип калат", - дейт Келсинай Анарбаева.

Материалдык колдоого муктаж болуп жаткан Данагүл Анарбаеванын байланыш номерлери: 0707 10-20-32, 0770 10-20-32

Элсом номери: 0771 05-94-50.

Сбербанк 4276161315126952


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
24.01.2019. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах шыпасын берсин, тилеген ой максатарына жетсин
24.01.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
http://[moderated]/video/864580800930
24.01.2019. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуп кесин
25.01.2019. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шыпаасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: