super.kg logo

Казак жараны делген Кыргыз темир жолунун директорунун биринчи орун басары кызматтан бошотулду

 

Казак жараны делген Кыргыз темир жолунун директорунун биринчи орун басары Алымжан Хасанов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.

"Депутаттар "Кыргыз темир жол" ишканасынын жетекчисинин биринчи орун басары башка өлкөнүн жараны катары мамлекеттик кызматта иштегенге укугу жок деген маселе койгон. Хасанов ишкананын директорунун буйругу менен жумуштан бошотулду", - дейт Темирбаев.

Алымжан Хасанов 2018-жылдын 29-октябрынан тартып “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал 1964-жылы 27-августта төрөлгөн. Хасанов 1984-жылы Казакстандын Алматы темир жол транспорту техникумун бүтүргөн. Адистиги - темир жолун эксплуатациялоо.

Эмгек жолун Токмок станциясында нөөмөтчү кызматынан баштаган.

1992-1996-жылдары - Токмок станциясынын нөөмөтчүсү;

1996-2001-жылдары - Шопоков станциясынын башчысы;

2001-2005-жылдары - Бишкек-1 станциясынын башчысы;

2005-2007-жылдары - Аламүдүн станциясынын башчысы;

2007-жылы- поезд диспетчери;

2007-2010-жылдары - Поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы ревизорунун орун басары;

2010-2013-жылдары - Маалыматтык-тактоону камсыз кылуу боюнча филиалынын башчысы;

2013-2018-жылдары - Поезд кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы ревизору болуп иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
24.01.2019. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тагыраак жазсаңар. Ошондо, эмне казак жараны экени далилдендиби?
24.01.2019. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
92-жылдан бери эчким билбептирби казак жаранын экенин
24.01.2019. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Казак жараны болсо да эн томонку баскычтан баштап иштептир,вообще башка тармакта иштеген,тушунугу жок бироолорду деле алып келип отургузуп коюп атасынар го,даже бироонун диплому жасалма болуп чыкты го,бул киши тээ 90жылдары каатчылык учурда келип иштеп,жаштыгын,омурун бериптир,тааныш-билиш аркылуу келген,колунан ..ок келбегендер деле журот го папка которуп важный болуп,ага караганда бул киши эмгек кылыптыр,ошол кезде башка жердин жарандарына требование болбосо керек да...
24.01.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушунча стажы бар адамдын ордуна башка бир торпокту алып келип койот да эми )))
24.01.2019. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылдыйдан жогоруга тепкичтен которулуптур иштей берсе болмок! Эртен акчалуу бир чочкону койушат анысы жей баштайт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: