super.kg logo

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов оор илдетине байланыштуу жазадан бошотулушу мүмкүн

 

УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун оор илдетке чалдыкканына байланыштуу жазасынан бошотуу тууралуу документтер сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова SUPER.KG порталына тастыктады.

Маалыматка ылайык, учурда Суталиновдун ден соолугу күндөн-күнгө начарлагандыгына байланыштуу Улуттук онкология борборунда химиотерапия алып жатат.

"Мурат Суталинов улам алып туруучу химиотерапиядан өтүүдө. Ал жазадан бошотулушу мүмкүн делген адамдардын категориясына кирет. Мурат Суталинов Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын комиссиясынын текшерүүсүнөн да өттү. Аны жазадан бошотуу документтери Ленин райондук сотуна жөнөтүлдү. Жакын арада бул маселе каралат", - деди Сабатарова.

Мурат Суталинов 2006-2010-жылдары УКМКны башкарган. Ал "2010-жылы 7-апрелде митингге чыккан адамдарга каршы курал колдонгон жана кызмат абалынан ашыкча пайдаланган" деген айыптын негизинде 20 жылга соттолгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: