super.kg logo

Бир айдан бери чуусу бүтпөгөн Кыргыз мамлекеттик циркинин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды

 

Кыргыз циркинин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабарлады. Анын айтымында, Бекманбетов бүгүн, 24-январда цирктин эмгек жамаатына тааныштырылды.

"Кыргыз циркинин директорлугуна Фархад Бекманбетовду дайындап, азыр эмгек жамааты менен тааныштырдым. Анын директор болушуна каршы болуп жумуштан кетебиз деп жаткандар маселесин эми өздөрү чечет. Анткени жумуштан кетүү арызын мага жазып жатышканы туура эмес, директорго жазышы керек болчу", - деди Жаманкулов.

Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Бирок эмгек жамаат Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак Үй алдына митингге чыгышкан.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган. Биз маселенин чоо-жайын жазганбыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
24.01.2019. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цирктин жамааты иштен кетсе, Фархад Бекмамбетов озу жангыз иштейби?Эмгек жамааттын да кызыкчылыгын ойлош керек болчу.Алар ким циркти алдыга суйроп кетээрине коздору жетип, анан Аида Акматованы сунушташкан болсо керек. Бекмамбетов менен жамаат иштеше албаса эмне болот? Бизде кадр тандоо "ноль" деген баага арзыйт. Коробуз Ф.Бекмамбетов циркти эмне кылаар экен? Балким ондоп жиберер,болбосо вообще жок кылат.
24.01.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарибир чондор оз каалаган кадрды алып келип коюптур да,жугуруп-жугуруп кала бериптир да кызматкерлер,качанга чейин ишетешет экен эми короорбуз.
24.01.2019. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фаркаттын пулу коп окшойтта. Жаны министирди жаш экен жакшыле иштесе керек деп ойлодум эле корсо жебеген жердин астыда дегендей окшойт. Окунучтуу!!!
24.01.2019. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бекманбетовдун циркке кандай тиешеси бар?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: