super.kg logo

"Meizu" компаниясы бир да тешиги жок смартфондорду чыгарды

 

"Meizu" компаниясы бир да тешиги жок телефондорду иштеп чыгып, анын видео жана сүрөттөрүн таратты. Тактап айтканда, аталган смартфондордун кубаттандыргычын сая турган жери, кулакчынды кошо турган тешиги жана SIM-карта сала турган да уячасы жок. Мындай билдирүүнү чет элдик маалымат булактары компаниянын тараткан билдирүүсүнө таяп жазды.

Смартфондун негизги баскычы да жок жасалган, анын ордуна виртуалдык ишарат менен башкарылат. Бир да тешиги жок болгондуктан, телефонго суу кирбейт.

Белгилүү болгондой, телефон өзү менен кошо даярдалган атайын кубаттагыч менен кубаттандырылат. Ал үчүн телефонду кубаттагычтын үстүнө коюп коюу гана жетиштүү. Ал эми музыка жана аудио файлдарды угуп, видео көрүү үчүн кулакчын Bluetooth'дун жардамы менен иштейт.

Компания телефонду иштеп чыгуу үчүн 2 жыл короткон. Азырынча смартфон качан сатыкка чыгары жана кандай баада сатылары белгисиз.






Meizu компаниясы бир да тешиги жок телефон чыгарды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
24.01.2019. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайсы мамлекет чыгарып жатат? Баасы канча болоор экен...
24.01.2019. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытай чыгаратта
25.01.2019. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир чыны тукуруктун акчасы болсо керек, андай болсо.
25.01.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой Эми Бир телефонго жетсен экинчиси чыгат.
25.01.2019. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суу кирбегени жакшыкен
26.01.2019. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдын Редмиси жакшы эле экен. Самсунгду унуттум. Эми мейзусун алат окшойм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: