super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бекешев: "Парламентте "юристтер менен макулдашалы" деген өтө жаман тенденция болуп калды. Биз кимбиз?"

 

Бүгүн, 24-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат.

Мыйзам долбоору кайра жаралуучу энергетика чөйрөсүнө тикелей инвестицияларды тартууга, бул секторду мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун арттырууга, чакан энергетика чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын, энергетика субъекттеринин укуктарын жана милдеттерин аныктоого, тактоого багытталган.

Депутат Дастан Бекешев 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп жазылганын айтып, 1-июлда күчүнө кирет деп оңдоо киргизүүнү сунуштады.

Анда депутат Кожобек Рыспаев бул мыйзам долбоору 3-окууда каралып жаткандыктан оңдоо киргизүү боюнча юристтер менен кеңешели деген оюн айтты.

Бекешев: "Бизде юристтер менен кеңешели деген өтө жаман тенденция болуп калды. Биз кимбиз? Анда юристтерди бул жакка отургузалы", - деди.

Рыспаев: "Дастан Далабаевич, бизди окутпаңызчы. Эмне мени окутуп жатасыз? Юристтер менен кеңешебиз да, өзүм оңдой бермек белем", - дейт.

Депутат Экмат Байпакбаев юристтер бул боюнча оңдоо киргизсе боло турганын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: