super.kg logo

Бекманбетовго каршы болгон цирктин 35 артисти жумушка чыккан жок. "Андан көрө базарга барып араба түрткөнүбүз оң" дешүүдө

 

Бүгүн, 24-январда Кыргыз циркинин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалып, эмгек жамаат менен тааныштырылды. Бирок анын директор болушуна 35 артист каршы чыгып, жумуштан кетүүгө арыз жазышкан. Бүгүн арыз жазгандардын баары жумушка чыкпай койгонун SUPER.KG'ге циркте эмгектенген Бегалы Мурзалиев кабарлады. Анын айтымында, Бекманбетов жалпы жамаатка тааныштырылган жок.

"Өзүбүз сунуштаган Аида Акматованы директор кылып бергиле деп бир айдан ашык убакыттан бери чуркап жүрдүк. Бекманбетов өзү да буга чейин "кыздын кырк чачы улуу, мен барбай эле коёюн, өзүңөр сунуштаган адам дайындала берсин" деген сөздөрүн айткан. Бүгүн эми Фархат Бекманбетов өзү дайындалып отурат. Министр Азамат Жаманкуловдун да, Бекманбетовдун да бул кылганын түшүнө албай жатабыз. Эми артыбызда келаткан жаш артисттердин бетин кантип карайбыз?! Ошон үчүн кечээ 35 артист жумуштан кетүү тууралуу Жаманкуловдун өзүнө арыз жазып бергенбиз. Мына бүгүн жумушка чыкпай койдук. Бекманбетов жалпы эмгек жамаат менен эмес, техникалык адистерге тааныштырылды. Аны менен иштешкенден көрө базарга барып араба түрткөнүбүз оң болуп турат", - деди Мурзалиев.

Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Бирок эмгек жамаат Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак Үй алдына митингге чыгышкан.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган. Биз маселенин чоо-жайын жазганбыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
24.01.2019. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Силер ишке чыкпай койсонор эле сирк иштебей калмак беле.ушунча жылдан бери базарда араба туртуп ищтей бейрбейт беленер сиркте бок жеп журунорбу кеткиле мам к иш силерге Ош базар эмес Оз ойунар ды тануулагыдай
24.01.2019. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бөдөнөнү сойсода касапчы сойсүн.
24.01.2019. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Базарга барып араба туртом десенер да аяктан кошпойт силерди кой кой барып циркте эле иштегиле деп
25.01.2019. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо базарда араба түрткөндөрдү кемсинткен болуп калабы? Циркте иштегенче базарда араба түрткөн жакшы дешкенин карагыла.
25.01.2019. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айткан атамын коюп берип коюшпайбы. Акырына чейин курошкуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: