super.kg logo

Интернетке маданият министри Азамат Жаманкуловдун үнүнө окшош кишинин цирктин жетекчисин дайындоо боюнча сүйлөшкөн аудиосу тарады. Министр өзү эмне дейт?

 

Бүгүн, 24-январда интернетке маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун үнүнө окшош кишинин Кыргыз циркинин директорун дайындоо боюнча сүйлөшкөн сөзүнүн аудиосу тарады.

Аудиодон ал адам цирктин артисттери менен барып жолугушарын, цирктин жетекчисин дайындоо маселесин Жаңы жылдан кийинки убакытка калтырып, ошол учурда талкуулай турганын угууга болот.

Бул боюнча Азамат Жаманкуловдун өзү менен байланышып, анын жообун укуктук. Ал аудиодо угулуп жаткан үн аныкы эмес экенин айтты.

"Кечээ мага цирктин директорлугуна талапкер болуп жаткан Аида Акматованын адамдары келген. "Сиз ал адамды дайындабасаңыз биз бир нерселерди жасайбыз" дешкен. Алар буга чейин акча да сунушташкан, "коюп берсеңиз ушунча берүүгө даярбыз, журналисттердин баары менен сүйлөшкөнбүз. Эгерде коюп бербесеңиз чабуул жасап жок кылабыз" дешкен. Бул ошолордун иши экенин байкадым. Аудиодо сүйлөп жаткан мен эмесмин", - деди Жаманкулов.

Кыргыз циркинин директорлугуна маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Фархад Бекманбетовдун, Кыргыз циркинин артисти Аида Акматованын жана балетмейстер Зарылбек Молдобакировдун талапкерлиги сунушталган. Бирок эмгек жамаат Аида Акматованын гана дайындалышын талап кылып Ак Үй алдына митингге чыгышкан. Бүгүн, 24-январда Азамат Жаманкуловдун буйругу менен цирктин директору болуп Фархад Бекманбетов дайындалды.

Цирктин мурдагы директору Курмангазы Исанаев ээлеген кызматынан 2018-жылдын 20-декабрында бошотулган. Анын кызматтан кетүүсүнө эмгек жамаат менен болгон пикир-келишпестик түрткү болгон. Кыргыз циркиндеги жетекчилик менен кызматкерлердин пикир келишпестиги 26-ноябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде көтөрүлүп, циркти ижарага берүүдөгү жана билеттерди сатуудагы коррупция жана башка мыйзам бузуулар болгону айтылган. Биз маселенин чоо-жайын жазганбыз.


кошулду





Интернетке министр Азамат Жаманкуловдун үнүнө окшош кишинин аудиосу тарады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
Медиа-портал
24.01.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок буларга
Медиа-портал
25.01.2019. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: