super.kg logo

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын машыктыруучусу жана оюнчулары мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды

 

Бүгүн, 24-январда Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген футболчулар мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан маалымдады.

Ага ылайык, "Данакер" ордени менен улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин сыйланды. Ал эми "Даңк" медалын Футбол федерациясынын мурдагы башчысы Семетей Султанов, футболчулар Азамат Байматов, Валерий Кичин, Виталий Люкс, Валерий Кашуба, Мирлан Мурзаев тагынышты. Мындан тышкары III даражадагы "Манас" ордени менен "Дордой" спорт клубунун президенти Аскар Салымбеков сыйланды. Калган оюнчуларга Ардак грамота жана кол сааттар тапшырылды.

Машыктыруучунун жардамчысы Игорь Кудренкого "Кыргыз Республикасынын Дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген ишмер" наамы ыйгарылса, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери" наамын Нурбек Исмаилов алды.

Жалпысынан мамлекеттик сыйлыкты 18 кызматкер алса, кол сааттар 25 оюнчуга тапшырылды.

Улуттук курама команда алгачкы жолу катышкан Азия Кубогу 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Кыргыз өлкөсү тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтетилип калышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
24.01.2019. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тузук тузук, акчалай сыйлык болсо мындан да жакшы боло беле?
24.01.2019. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат как шумкарлар алга
24.01.2019. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баракелде!туура чечим деп эсептейм.
24.01.2019. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардыгы жакшы буйруса. Министр стадион куруу боюнча да соз берди. Не дейбиз азамат ак шумкарлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: