super.kg logo
  Спорт  

Азия Кубогу: Жарым финалга чыккан алгачкы эки команда белгилүү болду

 

Кечээ, 24-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун чейрек финалдык беттештери башталды. Анда Дубай шаарында Вьетнам менен Япония командалары кездешсе, Абу-Даби шаарында Кытай менен Иран командалары күч сынашты.

Вьетнам-Япония

Вьетнам-Япония беттеши "Рашид" стадионунда өтүп, Япония курамасынын жеңиши менен аяктады. Оюндун 56-мүнөтүндө Вьетнамдын оюнчусу Буй Тьен Зунг айып аянтчанын ичинен эреже бузуп, калыс Япония курамасына пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк берди. Аны Рицу Доан ийгиликтүү аткарып, эсепти 1:0 кылып, командасын жеңишке алып келген.

Бул жеңиши менен Япония курама командасы мелдештин жарым финалына чыкты.

Кытай-Иран

Абу-Дабидеги "Мохаммед бин Зайед" стадионунда Кытай менен Иран курама командалары кез келишти. Бул беттеште Иран курамы атаандашына карата үстөмдүк көрсөтүп, 3:0 эсеби менен утуп алды. 18-мүнөттө Мехди Тареми Сердар Азмундун чыгарып берүүсүнөн кийин эсеп санын ачса, 31-мүнөттө Азмун эсеп санын 2:0 кылды. Ал эми 91-мүнөттө Карим Ансарифард ийгиликтүү болуп, эсепти 3:0 кылды.

Муну менен Иран курама командасы Азия Кубогунун жарым финалына чыгып, анда Япония курама командасы менен беттешет.

Бүгүн, 25-январда жарым чейрек финалдык беттештер уланып, анда Түштүк Корея-Катар жана БАЭ-Австралия оюндары орун алат. Бул беттештердин жеңүүчүлөрү жарым финалда кездешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
25.01.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кытайлар миарддаган куйормандарына бир гол тартуулай албаганы окунучтуу жер тоголок деп койчу беле...
25.01.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Sizge.kat, мен окунбой, кайра суйундум. Кытайлар ушуну кормок
25.01.2019. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Иран жакшы оюн коргозду чемпионатты утканы фаворит
25.01.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кытыйлар утулмак Ирандан. Иран чемпион болот.
25.01.2019. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кытайларга чала фу фу минг
25.01.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытай менен БАЭ курама командалары оюндан ыргып кетиши керек. БАЭ Акшумкарлардан эле ыргыган деп эсептей бергиле. А Кытайларга Фу Миндин таасири тийди.
25.01.2019. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Boha1,мен да ошолорду эсептебейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: