super.kg logo

Таласта аялын бычактап өлтүргөн адам 12 жылга эркинен ажыратылды

 

Таласта аялын бычактап өлтүргөн адам 12 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Талас облустук сотунун чечиминде айтылат.

Белгилүү болгондой, соттолуучу шаардык соттун чыгарган чечимине каршы облустук сотко апеллациялык арыз менен кайрылган.

"35 жаштагы соттолуучу Н.Ж. жубайы 27 жаштагы А.к.Ж менен таарыныша кетип, жубайы Талас шаарында батирде жашап жаткан. Н.Ж. 2018-жылдын 23-сентябрында спирттик ичимдик ичкен абалында жубайы жашап жаткан батирге барып, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Жыйынтыгында соттолуучу жубайына бир нече жолу бычак сайып, качып кеткен. Алган жаракатынан А.к.Ж. окуя болгон жерден каза болгон.

Соттолуучу кылган кылмышын толугу менен моюнуна алып, Талас шаардык соту чыгарган - 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда жаза өтөө тууралуу өкүмдү жеңилдетип берүүсүн жана учурда жашы жете элек 3 баласы балдар үйүндө тарбияланып жаткандыгына байланыштуу алар 14 жашка чыккандан кийин жаза өтөөгө уруксат берүүсүн облустук соттон суранган.

Ал эми жабырлануучу тараптын өкүлү, каза болгон келиндин апасы соттолуучуну кечиргендигин белгилеп, жазасын жеңилдетүүгө каршы эмес экендигин билдирген.

Мамлекеттик айыптоочу соттолуучу Н.Ж.нын кылмыштуу аракеттери тергөө иштеринин жүрүшүндө толугу менен далилденгенин жана шаардык сот чыгарган мыйзамдуу өкүмдү бузуп, жазаны жеңилдетүүгө негиз жок экенин белгилеген.

Жыйынтыгында облустук сот, тараптардын пикирлерин угуп жана иштин материалдары менен таанышып чыгып шаардык сот чыгарган өкүм күчүндө калтырылды. Айыпталуучу 12 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөй турганы белгиленди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: