super.kg logo

Жалал-Абадда салык кызматынын 3 өкүлү бизнесменден 50 миң сом менен унаа талап кылган деп кармалды

 

Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусундагы райондук бөлүмүнүн кызматкерлери бизнесменден опузалап акча талап кылганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы аныктаган. Мындай маалыматты аталган мекеменин басма сөз катчысы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, райондук бөлүмдүн Э.Т. аттуу башчысы жана Б.Ч., Р.А. аттуу инспекторлору жеке ишкерден акча талап кылышкан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси (опузалап акча талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

"Ушул жылдын 18-январь күнү салык кызматынын кызматкерлери жеке ишкер А.Т.дан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаасын пара катары талап кылышкан. Ал үчүн салык кызматкерлери анын мамлекетке төлөгөн салыгынын суммасын азайтып берүүнү убадалашкан. Андан кийин инспекторлордун бири ишкерди коркутуу жолу менен анын машинасын өзүнүн жакын досунун атына өткөртүп алган. Буга чейин ушул эле ишкер инспекторлордун бирине банк аркылуу 50 миң сом которгон.

Козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган 3 адам Бишкекке убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Учурда Каржы полициясы ал адамдардын башка дагы коррупциялык схемага тиешеси бар же жок экендигин текшерүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.01.2019. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тешип чыкса экен. Бүрөөнүн маңдай акысы менен тапкан оокатын тартып алгандар ошол менен кантип бала-чакасын багат?
29.01.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ кайсыл райондон Ким экенин толку жасанар себеби элди кыйнаган болушу мумкун танышса айтар дагын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: