super.kg logo

Орусиялык укук коргоочу: "Борбор Азиядан келген мигранттар кысымга кабылууда"

 
Бахром Хамроев
Хусниддин Зайнобиддинов

Борбор Азиядан келген мигранттар Орусия аймагында кысымга кабылууда. Мындай пикирин орусиялык укук коргоочу Бахром Хамроев SUPER.KG'ге 25-январда билдирди. Анын айтымында, Магнитогорск шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жана маршруттук таксинин жарылуусуна тиешеси бар деп шектелген адамдарды кармоо жакынкы убакыттан бери күч алды. Алар менен бирге Хусниддин Зайнобиддинов аттуу Кыргыз жараны да кармалып, учурда Магнитогорсктогу №2-тергөө абагында жатат. Бахром Хамроев анын укугун коргоп, эл аралык уюмдарга кайрыла турганын белгиледи.

"Зайнобиддинов 16-январь күнү эртең менен үйүнөн чыгып бараткан учурда Магнитогорск шаарында Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан кармалып кеткен. Аялынын айтып бергенине караганда, ал жерде Зайнабидиновго сакалчан адамдардын сүрөтүн көрсөтүп, алар кимдер экенин сурашкан. Зайнабидинов сүрөттөгү адамдарды буга чейин көрбөгөнүн, таптакыр тааныбай турганын айткан. Бирок укук коргоо органынын кызматкерлери анын үстүнө кирпич тизип электр тогу менен урдурушкан. Эси ооп калганда үстүнө суу куюп, эсине келгенде кайра кыйнашкан. Кийин аны Орджоникидзе райондук прокуратурасына алып барып, ал жерде Кыргыз өлкөсү тарабынан эл аралык издөөдө жүрүп, кармалганы боюнча протокол түзүлгөн. Андан соң сотко алып барылып, соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Учурда биз ага юридикалык жардам көрсөтүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Жакынкы аралыкта камактан чыгаруу боюнча эл аралык уюмдарга да кайрылабыз", - деди Хамроев.

Хусниддин Зайнобиддинов Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы тургуну. Айрым маалыматтарга караганда, ага Кыргыз өлкөсүнүн укук коргоо органдары тарабынан 2010-жылы Июнь окуясын уюштурууга тиешеси бар деп издөө жарыяланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
25.01.2019. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Негизи Оруссияга барганда ошол жактын мыйзамын сактаса эч нерсе деле болбойт. Кээ бир биздин жарандар ошол жака барып алышып ар кайсы диний агымдарга кирип алышып даават айтып журушот. Бул жакшы эмес.
Ka2sr1 түзөттү 2019-01-25 17:32:00
25.01.2019. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми кыргыз олкосуно откорулуп бкрилгени жатыптыр
25.01.2019. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушу туугандардыкы өттү да
25.01.2019. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Россияда мечитке көп барып даабатка көп чыккандарды ФСБ камалып кетесиңер андан көрө тынч чыгып кеткиле деп чыгарып атат айрыкча сакал койуп жүргөндөрдү
25.01.2019. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу туугандар тойгозушту да кайсыл жерде болбосун
25.01.2019. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2010-жылы оюштурган болсо издоодо жургон болсон бул кылмышкер жазасын бериш керек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: