super.kg logo

Мээрбек Мискенбаев 11 сааттык сурактан кийин чыгарылып, эртең кайра суракка чакырылды

 

Мээрбек Мискенбаев 11 сааттык сурактан кийин чыгарылды. Эртең ал кайра суракка чакырылганын SUPER.KG порталына КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Мээрбек эртең менен саат 10до кирген бойдон кечки саат 10го жакын чыгарылды. Ошондо жалпы 11 сааттык суракта отурду. Байланышканымда учурда үйүнө жеткенин айтты. Аны менен бирге суракка чакырылган Амантур Жамгырчиев экөө беттештирүүдө болгон. Экөө тең эртең кайра суракка чакырылган. 11 сааттык сурак бул психологиялык жактан басым көрсөтүүнүн бир түрү" - дейт Жолдубаева.

Айта кетсек, бүгүн “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана анын орун басары Амантур Жамгырчиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы тарабынан кармалганы айтылган. Ошондой эле Мискенбаевдин жубайы ал бир нече күндөн бери сурак берүүгө барып жатканын айткан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 20 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: