super.kg logo

Өкмөттө темир жол транспортун өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өттү

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев темир жол транспортун өнүктүрүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кеңешменин жүрүшүндө "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов 2019-2025-жылдарга карата темир жол транспортун өнүктүрүү концепциясынын долбоорун сунуштады.

Анын айтымында, концепциянын максаты – экономиканын, чарбалык субъектилердин жана калктын коопсуз темир жол менен ташууларга керектөөсүн натыйжалуу камсыз кылуу аркылуу өлкөдө экономикалык өсүүнү жана социалдык жетиштүүлүктү камсыздоо үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

"Сунушталган концепциянын алкагында ишканаларды башкаруунун жаңы модели – акционерлештирүүнү түзүү пландаштырылууда. Баштапкы этабында биз жүктөрдү жөнөтүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштап жатабыз. Биз бул темир жол тармагын өнүктүрүү үчүн кошумча каржы ресурстарын тартууга шарт түзөт деп эсептейбиз. Ошондой эле темир жол транспорту фонддорун жаңылоо жана модернизациялоону каржылоого мамлекеттик жана жеке катышуу механизмдерин киргизүү пландаштырылууда. Ошондой эле иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу каралып жатат", - деди башкы директор.

Канатбек Абдыкеримов темир жол тармагына жогорку квалификациялуу кадрларды тартуу болуп санала турганын белгиледи.

Өкмөт башчы темир жол транспортун өнүктүрүү боюнча биринчи кезекте "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасын акционерлештирүүгө тийиштүү чараларды тездетүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: