Бүгүн "Бишкек жылуулук тармагы" жылуу сууну убактылуу өчүрөт
Бүгүн, 26-январда "Бишкек жылуулук тармагы" жылуу сууну убактылуу өчүрөт. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиева кабарлады.
Маалыматка ылайык, суу менен камсыз болгон түтүктө мүчүлүштүктөр пайда болгон. "Бул ЖЭБди жаңылоо учурунда болгон. Оңдоо иштери саат 21:00гө чейин бүтөт. Бишкектин түштүк тарабында жылуулук азаят. Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү, темир жолдун түндүк жагындагы түтүктөрдө суу токтойт. ЖЭБдин адистерине ишти тез арада бүтүрүү тапшырмасы коюлган”, - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.