Жакшы өлкөлөрдүн рейтинги аныкталды. 153 мамлекеттин ичинен Кыргыз өлкөсү 69-орунда
Кыргыз мамлекети The Good Country Index сайтынын рейтинги боюнча 153 мамлекеттин ичинен 69-орунду ээлеген.
Жогорудагы рейтинг ар кандай эл аралык уюмдардын маалыматы боюнча берилди. Мисалы БУУ, ЮНИСЕФ жана эл аралык акча каражаттарынын фонду тарабынан бир нече параметрлер боюнча бааланган.
- Илим жана технология - 67-орунда
- Маданият - 99-орунда
- Эл аралык тынчтык жана коопсуздук - 21-орунда
- Дүйнөлүк тартип - 99-орунда
- Планета жана климат - 97-орунда
- Өсүп-өнүгүү жан теңдик - 63-орунда
- Ден соолук жана бакубаттык - 92-орунда
153 мамлекеттин ичинен жогорудагы параметрлер аркылуу Кыргыз өлкөсү 69-орунду ээлегендиктен, бул көрсөткүчтү жакшы деп айтууга болбойт.
Ал эми коңшу Казакстан өлкөсү 105-орунду ээлеген. Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан өлкөлөрү тизмеге кошулган эмес. Алдыңкы үчтүктө Финляндия, Ирландия жана Швеция өлкөлөрү илинсе, эң акыркы 153-орун Ирак өлкөсүнө буюрган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:30
2025-07-21

Рейтинг:
3

Илим жана технология, ден-соолук ж.б.корсоткучтор боюнча Казахстан бизден алдыда...