super.kg logo

Facebook компаниясынын жетекчилери WhatsApp, Instagram жана Facebook мессенжерлерин бириктирүүнү көздөшүүдө

 

Жакын арада Facebook социалдык тармагынын жетекчилери WhatsApp, Instagram жана Facebook мессенжерлерин бириктирүү боюнча даярдык көрүп жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, учурда 3 тиркемени жуурулуштуруу системи биринчи этапта иштелип жатат. Бул бириктирилген тиркеменин эң негизги артыкчылыгы катары колдонуучулардын коопсуздугу каралганы айтылууда. Мисалы, Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары WhatsApp колдонуучуларына коопсуз каналы аркылуу кат жөнөтүүгө мүмкүндүк алышат.

Facebook социалдык тармагынын башчысы Марк Цукерберг WhatsApp жана Instagram социалдык тармактарын сатып алган учурда ар бир тармакты өз-өзүнчө өнүктүрө турганын айткан эле. Анын айтымында, 3 тармакты бириктирүү тиркемелердин иш системинин пайдалуулугун жогорулатат.

Ал эми журналисттер 3 тиркеменин биригиши менен компанияга жарнамадан көп каражат түшө турганын айтышууда.

WhatsApp'тын кызматкерлери Марк Цукербергдин бул чечимине нааразы болушууда. Андан сырткары катталуучулардын купуялуулугу кантип сакталары дагы азырынча белгисиз. WhatsApp'ка катталуу үчүн номер гана талап кылынса, Instagram жана Facebook мессенжери учурда иштеп жаткан номерди талап кылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
26.01.2019. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каша болот го анда.
26.01.2019. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болот
27.01.2019. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кой э, өз өзүнчө боллгону эле жакшы болчу
27.01.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу билет
27.01.2019. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсени билген үчүн,адамдарга жеңилдик болуу үчүн жасап жаткан чыгаар.Эмнеси болсо да Марк Цукерберг акам өзү катырып жатат да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: