super.kg logo
  Саясат  

Мээрбек Мискенбаев: "Мага карата коюлуп жаткан айыптар, жазылган арыздар күлкүлүү нерсе болуп жатат"

 

Бүгүн, 26-январда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында сурак берди.

Мискенбаев SUPER.KG порталына билдиргендей, анын үстүнөн бир аял жана бир эркек арыз жазган. "Саат 9:00дөн 18:00гө чейин сурак бердим. Тергөөнүн жашыруун жүрүп жатканына байланыштуу сурак тууралуу маалымат бергенге укугум жок. Мага карата коюлуп жаткан айыптар, жазылган арыздар күлкүлүү нерсе болуп жатат. Кийин ачыкка чыгат. Буга чейин үй-бүлөлүк, кландык башкаруу орноду деп айтып келгем. Кечээ, бүгүн үй-бүлөлүк кландык башкаруу орногонун жон терим менен сездим. Дүйшөмбү күнү саат 10:00дө кайрадан сурак берүүгө барам. Бул суракка мен өзүм дагы кызыкдармын, ошондуктан 24 саат сурак болсо да барам. Өзүмдү актаганга көзүм жетет", - дейт ал.

Кечээ, 25-январда Мээрбек Мискенбаев 11 сааттык сурактан кийин чыгарылган.

Былтыр июнь айында "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин "алдамчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголду деген маалымат чыккан. Буга чейин былтыр март айында Мээрбек Мискенбаев "президенттин иниси Асылбек Жээнбеков өзү убадалагандай парламенттеги депутаттык мандатын тапшырып, биздин катарга кошулсун" деген талапты койгон.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: