super.kg logo

"Digital CASA" - Кыргыз Республикасы" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекети менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Digital CASA" - Кыргыз Республикасы" долбоорун каржылоо тууралуу макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

Дүйнөлүк банк “Digital CASA” долбоорун каржылоо үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Анын 50 пайызы насыя жана 50 пайызы грант болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөт менен берилүүдө.

Долбоор төрт компоненттен турат:

- Телекоммуникациялык инфратүзүмдү өнүктүрүү;

- Санариптик платформаларды жана "акылдуу" чечимдерди өнүктүрүү;

- Санариптик экономика үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү жана институционалдык өнүктүрүү;

- Программаларды башкаруу жана санариптик лидерликти өнүктүрүү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(5)
27.01.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин озубуздун маалымматарыбыз чет жака кетет окшойт
27.01.2019. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коробузго эмне болор экенин. министерликтер менен агенттиктерге планшет , ноутбук , компьютер алып алышпаса болду.негизи алыскы айыл, райондорго жумшалыш керек каражат. отчётторун коросунорго основном шаарларда ондоп тузоо иштерин жургузгон болушат.
27.01.2019. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул акчалар туура пайдалангандаго Анда олкобуз гулдомок, БИРОК деген соз барда. Жеген нерсенин кусуп берер кун да болот.
27.01.2019. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жыргашат экенда кок уйдогу базарком соодагерлер!!!!!!
28.01.2019. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он капчык сол капчык салбай нормально жумшагылааа
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: