Сербиялык теннисчи Новак Жокович Австралияда өткөн турнирде жеңүүчү аталды



Сербиялык теннисчи Новак Жокович "Ачык Австралия" турниринде жеңүүчү аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, турнирде Новак Жокович испаниялык теннисчи Рафаэль Надалды 3 айлампанын жүрүшүндө 6:3, 6:2, 6:3 эсебинде жеңип алган. Теннисчилер чемпион аталуу үчүн оюн аянтчасында 2 саат 6 мүнөт ойношкон.
Бул ирет 31 жаштагы теннисчи Жокович 15-ири "Чоң шлемге" ээ болуп отурат. Мындан сырткары ал Австралияда өткөн Ачык чемпиондукта 7-ирет утуп жаткан алгачкы оюнчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.