Саакашвили "Грузиядагы бийликти алмаштырып коюуга 72 саат жетет" деди

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили өлкөгө кайтып, бийликти 72 саат ичинде алмаштырып коюуга күчү жетерин билдирди.
Бул тууралуу ал видео кайрылуусунда айтканын басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Саакашвили өлкөдөгү бийликти тынчтык жолу менен алмаштырып коюуга Грузиянын активдүү жарандары жана оппозиция шарт түзө аларын айткан.
Буга чейин ал элди 2018-жылы өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын таныбоого чакырган. Саакашвили 2 ирет Грузиянын президенти болуп шайланган (2004-2007, 2008-2013). Учурда ага бир нече кылмыш иши козголуп, жарандыгынан ажыратылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.