super.kg logo
  Спорт  

Азия Кубогу: Бүгүн жарым финалда Иран-Япония беттеши орун алат

 

Бүгүн, 28-январда Бириккен Араб Эмираттарында футбол боюнча Азия Кубогунун жарым финалдык беттеши орун алат. Финалга чыгуу жолдомосу үчүн Иран менен Япония курама командалары беттешет.

Иран-Япония оюну Аль-Айн шаарындагы "Хазза Бин Зайед" стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат.

Бул беттеште жеңишке ээ болгон команда 1-февраль күнү финалда беттешип, 2019-жылдагы Азиянын чемпиону наамына ат салышат.

Ал эми эртең, 29-январда Абу-Даби шаарында БАЭ менен Катар курама командаларынын беттеши өтүп, финалдын 2-катышуучусу белгилүү болот.

Азия Кубогу Бириккен Араб Эмираттарында 5-январда башталып, 1-февралга чейин уланат. Мелдешке Кыргыз өлкөсү алгачкы жолу катышып, тайпалык баскычта Кытай, Түштүк Корея жана Филиппинге каршы ойноп, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. 1/8 финалда "Ак шумкарлар" талаа ээлери болгон БАЭ курамасынан 2:3 эсебинде жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.01.2019. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Саат канчада болот? Жазып койсоңор.
28.01.2019. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kairhai,саламатсызбы! Беттеш саат канчада башталышы кабардын ичинде көрсөтүлгөн.
28.01.2019. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kairhai,20:00-деп турат
28.01.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азия кубогу мен учун кызыгы калбады.Иран алсын деп коюп эле журом
28.01.2019. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бириккен Араб Эмираты Катардан 3:0 эсеби менен женилсе экен
28.01.2019. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Япония женди
28.01.2019. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Япония женди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: