super.kg logo

Бишкекте 4 баланы жалгыз багып жаткан аялдын үйү, үй ичиндеги бардык буюмдары толугу менен өрттөнүп кетти

 

Бишкекте 4 баланы жалгыз тарбиялап жаткан аялдын үйү, үй ичиндеги бардык буюмдары толугу менен өрттөнүп кетти. Бул боюнча балдардын апасы Елена Исаковага кайрылганыбызда, ал мындай жагымсыз окуя 26-январда өзү жумушта жүргөн учурда болгонун айтып берди.

Анын билдирүүсүнө ылайык, балдардын атасы мындан 5 жыл мурун оорудан улам каза болгон. Балдардын улуусу 14 жашта болсо, кичүүсү жакында 7 жашка толот.

"Мен шаардагы интернет клубдардын биринде пол жууп иштейм. Анткени ал жерде иш графиги эркин болгондуктан мага балдарымды кароо менен ал жумушту айкалыштыруу ыңгайлуу. Алган айлыгымды бешөөбүзгө жеткирүүгө аракет кылып күн көрүп жатканбыз. Ошол күнү да жумушта болчумун, мен үйдөн чыгып бара жатканда электр энергиясы жок болчу, кийин электр энергиясы күйүп, чукул туташуудан өрт чыгып кетиптир.

Үйдө 2 кызым бар болчу, алар уктап калган экен, түтүндөн ойгонуп коргонуп калышыптыр. Алардын аман-эсен экенине шүгүр кылып отурам", - дейт Исакова.

Ал белгилегендей, 3 баласы мектепте окуйт. Өрт болгон күнү үйдөгү эмеректерден тартып кийим-кече, болгон буюмдун баары толугу менен күйүп кеткен.

"Бир күндө эч нерсебиз жок калдык. Балдар сыртка качып чыкканда кийип жаткан кийимдери менен болчу. Үстүлөрүндө андан башка кийими жок эле, коңшулар үйлөрүнөн кийим алып чыгып кийгизишти. Алар азыр улгайып калган апамдын үйүндө, убактылуу ошол жакка алып барып турдум. Өзүм болсо батирди кайра оңдоп-түзөшүм керек. Бирок бул үчүн менде каражат жок, балдарымды апамдыкында көпкө калтыра албайм, мындан улам керектүү тамак-аш, оңдоо иштери үчүн жардам керек болуп жатат", - дейт ал.

Өрт кырсыгына күбө болгондордун бири кыздар ошол күнү 2-кабаттагы терезеден жолдогу адамдардын колуна секирип түшкөндүгүн билдирет. Ошондой эле ал Исакова балдарын багуу үчүн кара жумуштарды жасап күн өткөрүп келе жатканын, жалгыз бой эне үчүн кайра үйүн калыбына келтирүү бир топ кыйын экенин белгилейт.

Елена Исаковага жардам берүүнү каалагандар 0553 157 752 номерине байланышса болот. Элсом номери 0553157752.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.01.2019. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сактасын мындай нерседен колумдан келсе озум ремонть кылып берет элем
28.01.2019. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орт кырсыгын окмот толоп ремонт кылып бериш керек жок дегенде карапайым эл и так оорулуларга жардам берип атат
28.01.2019. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгерде үйдү камсыздандырып койгон болгонунда, ошол агенстволор ремонт кылып беришет беле? Же мындай кырсыктар каралбайбы?
29.01.2019. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikaaaa,Биздин айылда эженин камсыздандырылган уйу куйуп кетип,эч нерсе кылып беришкен жок.20мин сом эле беришиптир
28.01.2019. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эмес жазсам кечиресиздер.Жабырлануучу эже банкка эсеп ачса кайрымдуу адамдар жардам берет элек
29.01.2019. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
monok2001, ушул сунушту мен да колдойт элем. Мындай кырсыкты Кудайым сактасын. "Көп түкүрсө көл болот" дегендей, кайдыгер карабаган инсандар жардам берсек болот калайык-калкым. Алыбыздын жетишинче, 50-100 сомдон болсо деле.
29.01.2019. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эже,сизге Аллахым омур,ден-соолук берсин,уйунузду калыбына келтирип, балдарыныз менен жадырап жайнап отурган кунду насип кылсын Алла Таалам. Коп тукурсо кол болот,жакын адамыныз болсо РФде Сбербанк карта ачыныз, колдон келишинче жардам берели
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: