super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан менен Казакстандын чек ара маселесин талкуулоо жабык эшик артында өтөт

 
Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы делимитация жана демаркация маселеси өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында талкууланат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 22-июлда билдирди. Комиссиянын жыйыны жабык эшик артында өтөт. "Талкуудан кийин делимитация жана демаркация маселеси боюнча Кыргызстандын атайын өкүлү Курманбай Искандаров жетишилген макулдашуулар боюнча маалымат берет",- деп белгиленген өкмөттүн маалыматында. Белгилей кетсек, 2013-жылдын 7-июлунда Талас облусунун Кара-Буура районунун Кайнар айылынын тургундары Казакстанга кетчү "Быстроток" каналын тосуп алышкан. Алар Кыргызстан менен Казакстан чектешкен жердеги талаш маселени чечип берүүнү талап кылышкан. 18-июлда канал ачылып, эки тараптын аталган маселе боюнча жакын арада сүйлөшүүсү пландалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: