super.kg logo

Албек Ибраимовдун соттук отурумунда сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынды

 

Бүгүн, 28-январда Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун сот отуруму уланууда.

Соттук отурумдун жүрүшүндө фото жана видеого тартууга тыюу салуу сунушталды. Айрым айыпталуучулардын өздөрү жана жактоочулары өтүнүчкө макул болсо, айрымдары соттун кароосуна калтырды. Жыйынтыгында ишти карап жаткан судья өтүнүчтү колдоду.

Ал эми 3 айыпталуучунун жактоочулары сотко келбей калып, сот отуруму 30-январга жылдырылды. Буга чейин ар дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү өтөрү белгиленсе, эми сот ар шаршемби күндөрү гана өтө турган болду.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
28.01.2019. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коргон курбай карапайым эле жашасан сыртта эле журмоксун.
28.01.2019. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кеминде миң адамдын улүшүнө жалгыз ээлик кылган Албек Ибраимовдун кыянатчылыгы 40 жылга татыйт
28.01.2019. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Элдер сотых жерге жетпей жатса Албек Ибаримов гектарлаган жерге ээлик кылып жатат. Бул киши мыйзам алдында жооп бериши керек.
28.01.2019. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Албек көп мынкылдайбай эми мыйзам алдында так жооп бериши керек. Мыйзам баарына бирдей.
28.01.2019. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карапайым адамдардын тагдыры бир кундо чечилет аа булар болсо айлап жылдап соттболот неге самый гуманный сутт в мире
28.01.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
А. Ибраимов Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайы боюнча да жооп бериши керек. Курулуштун башкы прорабы жана бухгалтери Албек Ибраимов болгон. Күч органдары бул хансарай 5 млн долларга айланганын эсептеп чыгышты, бирок ал акча кайдан келгени белгисиз.

28.01.2019. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албек Ибраимов баштаган аткаминерлер эч нерсеге тойбой ушинтип гектарлаган жерлерге ээлик кылып жатышат. Эл жерге жетпей жатат мунун баары камалышы керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: