super.kg logo

Бажы кызматынын башчысы: "Өлкө аймагына Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жок"

 

Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жок. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда маалымат жыйында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков билдирди.

Анын айтымында, өлкө аймагына алынып кирилген жана чыгарылган товарлардын баары эсепке алынат. Ал учурда эсепке товардын баасы гана эмес, анын салмагы да эсептелинет.

2018-жылы Кытайдан өлкө аймагына 607 тонна товар алынып кирилип, анын баасы 1 миллиард 7 миллион долларды түзгөн. Ошол эле учурда 26 миллиард 650 миллион сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн. 2017-жылга салыштырмалуу көрсөткүч 25 пайызга өскөн.

"Салмак боюнча Кытай менен бизде айрымачылык жок. Ал эми баасы боюнча маалыматтарда айрымачылык бар. Биз дайыма айтабыз, баалоонун ар кандай ыкмалары бар. Бирок айырмачылык эмнеден келип чыгып жатканын айта албайбыз. Кытай ички мыйзамга таянуу менен маалымат берүүдөн баш тартышат", - деп кошумчалады башчынын орун басары Алтынбек Торутаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
28.01.2019. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул ошондо озун ОЗУ алдап жатабы
28.01.2019. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар кыпкызыл калпычы, уурулар...

АША кетип, эми Сокенин капчыгын кампайтып отурушат, уурдаган, тоногон, пара катары алган байлыктарынан болушуп.....
28.01.2019. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Frunze2,кудайдан корксон коргондой суйлобой
28.01.2019. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көмүскөдөгү импорт жок болсо,бир эле мисал кытайдын жасалма жумурткалары ачык эле кирип жаткан турбайбы
28.01.2019. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзү айтканга өзү ишенет болду бекен бул ХХХ?
Модератор admin_media түзөттү 2019-01-28 22:07:33
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: