super.kg logo

Ак Үйдүн алдына Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнүн дарыгерлери митингге чыгышты

 

Бүгүн, 28-январда Ак Үйдүн алдына Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургия бөлүмүнүн жамааты митингге чыгышты.

Алар Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургиянын бөлүм башчысы Салтанат Иманбаева өзүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып жатканын айтышты.

"Биздин чырыбызды бир жылдан бери уккан, ага чара көргөн эч ким жок болбогондуктан ушул жакка чыгууга аргасыз болдук. Бөлүм башчыбыз Иманбаева 18 жылдан бери Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургиясын өзүнүн жеке менчигине айландырганга чейин барды. Акыркы учурда жолдун аркы бетине жеке клиника ачып, бөлүмдөгү жабдыктарды өзүнүкүнө коюп, өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштетип жатат. Бөлүмгө жаткан оорулууларды негизсиз эле өзүнүн жеке иш бөлмөсүнөн акча төлөп өтүп келүүсүн талап кылат. Ал нерсе оорулууга керекпи, кереги жокпу аны менен эсептешпейт. Биз аны карап тура албай бир жыл мурун жогорку жактарга кайрылуу жасаганбыз", - дешти аталган оорукананын дарыгерлери.

Бул бөлүмдүн жамааты чырды чечип берүү үчүн алгач Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Динара Сагинбаевага кайрылышканын айтышты.

"Алгач өзүбүздүн жетекчиликке кайрылганбыз. Жетекчилик комиссия түзүп, ошонун негизинде Иманбаеваны бөлүм башчылыктан алган. Иманбаева жамаатта болгон келишпестиктерди сотко айтканда өзүнүн иш бузуулары чыгып калмак, ошондон коркуп коомчулукка "Сагинбаева врачтарды колдонуп, менин ордумду башка бирөөгө бергиси келип жатат" деген жалган маалымат тараткан", - дейт дарыгерлер.

Митингге чыккан дарыгерлер Салтанат Иманбаева бөлүм башчылыктан түшүп, жөнөкөй врач катары иштесин деген талап коюшууда.

"Биздин арабыздан бөлүм башчы коюп бергиле деп да айтпайбыз. Бир гана Иманбаевадан башка жетекчинин колунда иштегенге макулбуз", - дешти №1 көз микрохирургия бөлүмүнүн жамааты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
28.01.2019. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Ак уйдун алдын Митин откоруучу кана кылып алгыла Эми!
28.01.2019. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кызматынан кыянат жасагандардын баары мыйзам алдында жоопко тартылышы керек.
28.01.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андвй болср бар клиниканда гана иште дегиле тоа айдаш керек мындай аэаан катындарды. Тегеле оосарланып чыга келишет кичине которулсо эле. Ай кыргыз озу бизге онуккон жарашпайт
28.01.2019. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Чет элдерге уят деле боло турган болдук.Эмне бале болсо да митингке чыга беришеби. Митингке чыккандарга олчойтуп штраф салыш керек.
28.01.2019. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Негизинен копчулук глав врачтар врачтар мамлекеттик кызматта иштеп жатып андан башка сырткары жеке клиникаларды даарыканаларды ачып алышкан. Барсан эле ошол жака жоното берет. Албетте алардын шарты жакшы дечи бирок акчасы кымбат болотда. Аны ойлогон бир чиновник жок. Депутаттарга кайрылат элем УШУЛ ЖЕКЕ КЛИНИКАСЫ БАР ЖЕ ОШОНДОЙ КЛИНИКада иштеген ВРАЧТАРга мамлекеттик иштерде иштебесин деген мыйзам чыгаргылачы. Алар озунун бизнесин кыла беришсин жеке клиникасында
28.01.2019. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
boris8907, туура сунуш. Жеке клиникасы бар врачтарга мам.кызмат ордун ээлоо жарашпайт...
28.01.2019. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кылыпсынар эмне мамлекеттин буюмдарын озу жакка алып кетет чара корулушу керек
28.01.2019. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Митинге чыкканды адат кылып алдык өзү туугандар. Бирөө катуураак (кечиресиздер катуу айтсам) ХХХ койсо деле Ак үйдүн астына чыкмайды токтотуш керек уят!!!!!
Модератор admin_kinozal түзөттү 2019-01-28 19:33:01
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: