super.kg logo
  Саясат  

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков: "Бажыдагы көмүскө иштерден айрымдар миллионер, миллиардер болуп кетти"

 

Бүгүн, 28-январда Мамлекеттик бажы кызматы 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Анда Бажы кызматынын башчысы Алмаз Оңолбеков Кыргыз өлкөсүнө Кытай товарларын көмүскө импорттоо фактылары жоктугун айтты.

SUPER.KG порталы "Бажы башчысынын өлкөдө көмүскө импорт жок дегенине ишенүүгө болобу?" деген соболуна коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков жооп берди. Ал бажыдагы мыйзамсыз иштердин артынан көп адам байыганын айтат.

"Албетте, Кытайдан чыккан товарлар бизге берилген маалыматтардан айырмаланып турат. Бул маселе Акаев, Бакиев убагында да болуп келген. Бажыдагы мындай мыйзамсыз иштер айрымдардын байлыгынын булагы болот окшойт. Ошого муну чечкенге эрки жетпей жатат. Айрымдары миллионер, миллиардер болуп кетти. Бул менен күрөшүү өтө кыйын. Бөгөт коюлса ошол жактан байып жаткандардын иши болбой калат да", - деди Кадырбеков.
Депутаттар Дастан Бекешев, Марлен Маматалиев, Эмил Токтошев, экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, экономист Кубан Чороевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: