super.kg logo
  Саясат  

ЖЫЛНААМА, 29-ЯНВАРЬ: Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 56 жашка толду

 

Чолпонбаев Космосбек Сариевич 1963-жылдын 29-январында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылында туулган.

Алматы мамлекеттик медициналык институтунун фармацевтика факультетин аяктаган (1980-1985-жылдары). Экинчи жогорку билими – юрист (КМЮА, 2011-жыл).

1985-1987-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда фармацевтикалык химия жана дары формаларынын технологиялары кафедрасынын ассистенти;

1987-1990-жылдары И.М.Сеченов атындагы Москва медициналык академиясынын органикалык химия кафедрасынын аспиранты;

1990-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда фармацевтикалык химия жана дары формаларынын технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу;

1992-1994-жылдары "Кыргызфарминдустрия" мамконцернинин Стандартташтыруу жана дары каражаттарынын сапатын контролдоо илимий-өндүрүштүк борборунун директору;

1994-1997-жылдары "Кыргызфармимпэкс" илимий-өндүрүштүк фирмасынын генералдык директору;

1997-жылы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары каражаттары жана медициналык техника боюнча башкармалыгынын башчысы;

1997-2002-жылдары Дары менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директорунун орун басары – Саламаттык сактоо министрлигинин Дары каражаттарынын жана медициналык техникалардын сапатын контролдоо башкармалыгынын башчысы;

2002-2010-жылдары И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун фармацияны, дары каражаттарынын технологияларын башкаруу жана экономика кафедрасынын башчысы, ошол эле окуу жайдын окутуу-тарбиялоо иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору;

2010-2018-жылдары И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун фармацияны, дары каражаттарынын технологияларын башкаруу жана экономика кафедрасынын башчысы;

2018-жылдын апрелинен тарта саламаттыкты сактоо министри.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: